Урматтуу жетекчилер, айрыкча Бишкек жана Ош шаарынын мэрлери!
Электр энергиясын үнөмдөө жана тынчтык мыйзамын камсыздоо максатында тапшырма берсек, силер аны «бөрк ал десе — баш алгандай» ашкере аткарып жиберипсиңер.
Биз
элдин тынчтыгын бузуп, спирт ичимдиктерин ичип алып ызы-чуу салгандар чогулган түнкү клубдарды, ошондой эле түн бир оокумга чейин созулуп, 200дөн 800гө чейин киши чогулган тойканаларды иреттеп, мыйзамдын чегинде көзөмөлдөөнү тапшырганбыз.
Ал эми силер болсо тамактануучу кафелерди,
KFC сыяктуу тез татым жайларын да жаап,
тынч отурган элди кубалап чыгарууга чейин барыпсыңар. Рейд маалында бизнес ээлерине орой мамиле жасап, жарыгын өчүрүп, суусун токтотууга тапшырма бери