Ал ырас эчен ирет жарат алып,
Жүрөгүм быркыранган сокпоочудай.
Баардыгы бүтүп калган сыяктанып,
Өмүр саат кагып калган токтоочудай...
* * *
А көрсө андай эмес тура баары,
Жараткан жаңы жүрөк салып койду.
Ченемсиз нурга бөлөп көкүрөктү,
Карттарын, жарааттарын алып койду...
* * *
Аяп бак күтүп алгын деди мага,
Ааламдан аруулантып дүйнө берди.
Кайрадан канат берип күүлөнүгө,
Күттүргөн периштелер үйгө келди...
* * *
Арамдар, ичи тарлар, мыкаачылар,
Жашооңор өтөт билем менсиз деле.
Табаңар канмак билем кадимкидей,
Канаты сынып жатса жансыз дене...
* * *
Митаамдар, ичтен жеген мите курттар,
Аялуу жандүйнөмө тийбегиле.
Жаңырган күндөрүмдүн жанын коюп,
Нур чыккан жүрөгүмдү тилбегиле...
* * *