Бир жолу Абдуллах ибн Мубаракка бир адам келип: “Менин балам тилимди албайт” дейт. Абдуллах ибн Мубарак андан: “Сен балаңды каргаган белең? Ушундай учур болду беле?” деп сурайт. Ал адам: “Болгон” деп жооп берет. Анда Абдуллах ибн Мубарак: “Демек өзүң күнөөлүү экенсиң” деп жыйынтык берет. Эми ойлонуп көрүңүз. Биздин балдарыбыз бир туура эмес нерсе кылса, биздин аялдарыбыз аларга: “Ушу сен жоголуп кетсең болот эле” деши мүмкүн. Кээ бир улуттардын тилинде балдарга карата айтылган мындан да коркунучтуу сөздөр бар. Ата-эненин дуасы кайтарылбайт да. Ошондуктан өзүңөрдү да, аялдарыңарды да сак болууга чакыргыла. Мындай сөздөр менен балдарды урушуудан аялды эскертүү зарыл. Аллахтын элчиси (ага Алла