Маңдайыма жазып ырыс-кешикти, Тагдырыма танбас илим кезикти. Таалим берип окутууга балдарды, Тандап алдым мугалимдик кесипти.
Күчүм жетет бийиктиктен аша алам, Кубандырса сүйүнүчтөн жаш алам. Турмуш кээде түйшүк менен карытса, Окуучуну көрөр замат жашарам.
Мен балдарга насип менен жолуктум, Эмгек менен барктуу инсан болупмун. Окуучулар келечектин ээлери. Силер менен бүтүнмүн да толукмун.
Мейли оңдойт дептерлерин булгаса, Шыктандырам эгер көңүл бурбаса. Ааламга да сыйбай кетем жарыктык. "АЙДАЙ" биздин эжеке деп чуркаса...
Майрамыңыздар менен урматтуу ардактуу кесипти аркалап жүргөн сүйүктүү эже-агайлар! Иштеген ишиңиздер ийгиликтүү болуп, ар дайым аман болуңуздар!!! 💐💐💐💐💐💐💐💐💐💐