Жайкалтып өмүрүмдү күлгөнүнүз,
Дабалап жүрөгүмдү мүнөзүңүз.
Жашоомдун чар тарабын жарык кылган,
Жаннаттай мүрөгүмсүз бир өзүңүз.
Мөлтүрөгөн көздөрүңүз карагаттай,
Мертинтип көңүлүмдү жаралатпай.
Сүттөн ак сизге деген сезимимди
Сактайын суук сөздү аралатпай.
Тупптунук, жан дүйнөңүз айдай болуп
Толкушуп турган өңдүү жайдай толуп
Жалооруп, мээрим чачып карасаңыз
Жадырап,жайнайм дагы калбай соолуп.
Башкача мүнөзүңүз, ачкан гүлдөй,
Тапптаза тилегиңиз аткан күндөй.
Каптаса жан-дүйнөмдү таттуу сезим
Кантмекмин түбөлүккө сизди сүйбөй