АЛГАЧКЫ КАР ЖААГАНДА АПАМ КЕЛЕТ
Уландысы
Автобус аялдамага келип токтоду.
Тиги кыз жигиттин алдындагы сумкасын алып жерге түшүп, ары карай басып баратты.Негедир кызды башка бирөөгө тарттырып жиберчүдөй болуп, ордунан шашкалактап туруп артынан жөнөдү. Кыз кичине узай түшкөн эле. Бутунун ооруганын сезбей, кыздын артынан жетип барды.
-Чоң кыз, кечиресиз! Сизге рахмат айтпай калыпмын, -деди ал.
Чочуп кеткен кыз селт этип, артын карай карагыча, балдакчан жигит анын жанына келип калган эле.
Чагылышкан көздөр... бири-бирин жылуу карап турушту.
Апапакай кар бүртүктөрү көпөлөктөй каалгып учуп келип, кыздын узун-узун кирпиктерине конуп, ошол замат эле эрип кетип жатты... Ошол күндөн баштап тагдырла