Бир эле жолу гүлдөөчү өмүрдүн кемеси сазда, балчыкта эмес, учу кыйры көрүнбөгөн көпкөк, таптаза океанда, деңизде сүзүүсүн каалайм. Тазалык, үмүт, сүйүү бар жерде ыргалып өскөн гүл болгум келет. Чокусу көк тиреген аска зоодой бийик болсун максаттарым, арышым кенейсин. Мурдум гүлдүн жыттуусун жыттасын, көзүм сулуулукту көрсүн, тилим жакшыны сүйлөсүн, кулагым жагымдуу жаңылык уксун, айланамда коомго пайдасы тийген адамдар жүрсүн, элге пайдам тийсин! Кайра баштан жашап өтө албаган кайталангыс өмүрдүн убактысын бирөөнүн жашоосун талкуулаганга, ушакка, жаман сөзгө короткум келген жок. Бул дүйнө көз жаздымда калсын!