Сүйүктүү жар болуунун сырларын билгиңиз келеби? МЫРЗАЛАР СӨЗСҮЗ ОКУШУ КЕРЕК... 1. Жубайыңыз үчүн жагымдуу кийиниңиз. Адатта, мырзалардын келбетке кароо, жасануусу десе жат нерсе катары кабыл алгандар бар. Өмүрлүк жарыңыздын алдында жагымдуу, сулуу көрүнүү сүйүүнү арттырып, урматты күчөтөт. Мырзанын жасануусу таза жана жарашыктуу, тыкан кийим, сакалын иреттүү кароо, ага кам көрүү, ошондой эле жагымдуу миск, атырларды себинүү менен чектелет. Эсиңиздеби, Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи ва саллам) жагымдуу жытты абдан жакшы көрчү. Жагымсыз жыттан периште да ыза тартарын эскерткен эле. Жагымсыз жыт менен мечитке кирүүгө да тыюу салган. Дене- бойго көңүл буруу, тазалык, кийимдин адепке ылайык, жа