Таш экен кыргыз куралы.
Ал кезектер артта калган капкачан,
Ойнойсуңбу азыр оюн баштасам.
Ташты жыйып кадимкидей үй куруп,
Эсиңдеби ошол оюн ташказан.
Алтын доор өткөргөнбүз баштан,
Казан,аяк,чакабыз да таштан.
Сенин үйүң, менин үйүм таштан.
Чөп туураган бычагыбыз таштан,
А түгүлсүн этибиз да таштан.
Аш бышты деп чакырышып койчу элек,
Аштан алып, этибизге тойчу элек.
Айткылачы ушуну биз,
Эмне оюн деп койчу элек.
Анда жапкан наның дагы таш,
Алда качан муздады деп аш,
Кошунаңдын үйүн көздөй шаш,
Аа таптым, анын аты айылдамаш.
Жакшынакай жалпак келген таштардан,
Жыйнап алып, ар кимиси өз таштарын башкарган.
Бул оюнду билесиңби, керек эле эмне деш.
Аа таптым, анын аты чакан беш.
Кандай кылып