Илгери бир падыша бир аалымды өтө кадырлаган экен. Бул адам падышага ар дайым мындай деп насыйкат айтат экен: "Падышам, жакшылык кылган адамга жакшылык кыл! Жамандык кылган адамга жаза катары өзүнүн жамандыгы эле жетиштүү болот.” Бул аалымды вазирлеринин бири көралбай падышага арызданат: -Падышам! Тиги аалым сиздин оозунузду сасык деп айтып жүрөт. -Сөзүңдүн чын экендигине кандай ишенемин? -Аалымды алдыңызга чакырыңыз, эгерде сизге жакындаганда мурдун жапса анда сөзүмдүн чын экени белгилүү болот. Көралбас вазир падышадан мурда аалымды өзүнүкүнө тамакка чакырып, сарымсак кошулган тамак берет. Бираз убакыт өтүп падышанын алдына барганда падыша ага