Бир кырсык берсе кудайым,
Өзүңдөн себеп сурагын.
Эскертип жатат кудайым
Эп болот этек жыйганың.
😥😥
Жетим жесир ашын жеп,
Жексурлар бизде көбөйдү,.
Садака кайыр кылбаган,
Сараң байлар көбөйдү.
😥😥
Соодалап саткан денесин,
Сойкулар бизде көбөйдү.
Ачык арак ичилип,
Арамкорлор көбөйдү.
😥😥
Ата энесин укпаган,
Арсыз балдар көбөйдү.
Эркеке баш бербеген,
Ээн баш аял көбөйдү.
😥😥
Эркектерде намыс жок,
Эл бузулду көрдүңбү,.
Төгүп жамгыр нөшөөрлөп.,
Жер бузулду көрдүңбү?
😥😥
Атасы кызын зордогон,
Айбан адам көбөйдү.
Аялын урган тепкилеп,
Акмак жандар көбөйдү.
😥😥
Кел досум келгин эсиңе,
Кесириң тийди элиме.
Арамкорлор ачык болгондо,
Аллах урат дечү эле.
😥😥
Бир чычкак улак коородо,
Кооронун ба