Салам, достум…
Мен дале баягыдай каңгып жүрөм,
Ойдуңунда ой-санаанын калкып жүрөм.
Бир келип, комуз чертип берчи мага,
Биртике жай алсынчы курган жүрөк.
Төгүлүп ырдап берчи мурдагыдай,
Төгүлсүн көздөн жашым, ыйлап жүрөк.
Салам, достум…
Көзүмдү көп көздөн ала качып жүрөм,
Күнөөлөргө кокодон батып жүрөм…
Бир келип, Куран окуп берчи мага,
Бир азга тынчтансынчы күйгөн жүрөк.
Кырааттап окуп берчи кайра кайра,
Кыйналып жүдөп жүрөм, сыздап жүрөк.
Салам, достум…
Мен дале баягыдай каңгып жүрөм…