Жоголуп бараткан баалуулуктар…
Бир убакта аталарыбыз бир ууч талканга зар болуп, күн-түн дебей мээнет кылчу. Бирок алар тапканын жалгыз жебей, кошунасы менен бөлүшчү. Бир табак аш бир нече үй-бүлөнү тоюндурчу. Үйү чакан болсо да, жүрөктөрү кең болчу.
Ал кезде адам өз сөзүнөн тайбас, абийирин акчасына сатпас, кыздары намысын коргоп, уяты менен сулуу болчу. Карыга урмат, кичүүгө ызаат бар эле. Үйдүн эшиги конок үчүн дайым ачык, жүрөктөр боорукердикке толо болчу.
Бүгүн болсо…
Жан дүйнөбүз муздап барат. Бир туугандар бири-бирине жат. Эки кабаттуу үйдө да бири-бирин батырбай, көздөрдөн мээрим учуп кеткен. Байлык көбөйдү, бирок жүрөктөгү жарык өчтү. Тамак мол, бирок ырыскы жок. Кийим кымбат, би