COVID 19 дун таасириби???
Бир заматта кымгуут кылып дүйнөнү,
Бир дарт келип, заарлуу демин үйлөдү,
Бириктирип, бир үстөлгө баарысын
Азыр жарык, адамдардын үйлөрү...
Ырыскыны издеп кетип күнүгө,
Ырыстуурак көңүл бөлбөй үйүңө,
Мурда балаң ойнобочу мынчалык
Азыр ойнойт, сени менен сүйүнө...
Байбичеңдин кылган иши көрүнүп,
Бабырашып каткырыка көмүлүп,
Баары жакшы, балдар чуркап бөлмөдө
Үй бүлөөлүк анык бакыт төгүлүп.
Билбейм неге мурда булар байкалбай,
Жашачубуз үйгө эрте кайталбай,
Сен жумушка, балаң кетет садике
Шашып жашап, жылуу сөзүң айталбай.
Оору менен эскерткендей пендеге,
Оокат дедик, жанталаштык эмнеге??
Баасын билип алышсынчы дедиби,
Бактылуулук чындыгында эмнеде???
Кел бир туу