Жан дүйнөнүн орду бүгүн бош калып,
Көр дүйнөнүн каректери кош жанып.
Турмуш бизди чоң казанга кайнатып,
Мезгил улам карап турат от жагып..
Аң-сезимге аңкоолукту төлдөтүп,
Баардык жерде “кызыкчылык” төргө өтүп,
Таз сүйүүлөр башын тыкса ар жерге,
Таза сезим жашын төгөт көлдөтүп.
Баардык жерде бактылуудай көрүнүш..
Баарыбызда мамилелер өлүмүш..
Машинени чийип алуу чоң кайгы,
Көнүлдөрдү чийип алуу көнүмүш!
Аттиң дүйнө, чарчайт жүрөк мындайдан,
Өмүр издейм жарык чачып жылмайган.
Далай күндөр келбесине кетиптир,
Дасторконго эргүү менен ыр жайган..
Көрүп турам кечээгимди, алдымды,
Мезгилден мен оздумбу же калдымбы?..
Убакыттын каткан жообун эрте таап,
Мен жашоону эрте көрүп салдымбы.. БЕР