Мен БИРБОЛ саясий партиясынан шаардык кеңештин депутаттыгына талапкерлигимди коюп жатам. Шаарыбыздын жашоо шартын жакшыртуу жана жарандардын кызыкчылыктарын коргоо максатында сиздердин колдооңуздарды суранам.
Шаар үчүн маанилүү маселелердин чечилиши үчүн биримдикте иштешип, шаардын өнүгүүсүнө жана тургундардын жашоо сапатынын жогорулашына салым кошкум келет. Сиздердин ар бир добушуңуз мага жана биздин шаарга келечекте оң өзгөрүүлөрдү алып келүүгө мүмкүнчүлүк берет. Сиздердин ишенимиңизди актап, ишенимдүү жана ачык-айкын кызмат кылам деп убада берем.