Таанымаксан болбочу
Тааныбадың карап турсам жалдырап
Чок түшкөнсүп,жүзүм оттой албырап
Сага жанган жылдызыма жымыңдап
Жүрөк кургур кагып турду жаргылап
Бир кездеги сүйүүм,көздөн чубалып
Жаш баладай,жаркылдадым,кубанып
Байкатбай деп,жат көздөрдөн оолактап
Каным качып,кетти жүзүм кубарып
Жаңылдымбы,сендей жанды тандабай
Же жаш болуп,калган белем талдабай
Азыркы акыл,ошол кезде болгондо
Түз бармакмын,ортомчу да жалдабай
Көрсө сүйүү,көзүң байлап,жашынып
Оттой күйөт,кайра жалп деп басылып
Сезиминди ачык арнап жармашып
Алгандыкы болот экен асылып
Д.Сагынбаева