📣Эртең Арафа күнү 27.06.2023
•Арафа күнүндөгү орозо 2 жылдык күнөөлөр үчүн каффарат болот:
Абу Катада (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте, Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, айтты: «Арафа күнүнүн орозосу өткөн жылдын жана келе турган жылдын күнөөлөрү үчүн каффарат болот».
📚Муслим(1162)
•Арафа күнү Аллах Таала пенделерин тозоктон бошотуп, күнөөлөрүн кечире турган күн:
Айша (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте, Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, айтты: «Аллах пенделерин тозоктон азат кыла турган Араф күнүндөй эч бир күн жок! Чындыгында, Ал аларга жакындайт, анан алар менен (периштелерине) мактанат. (Аллах Таала): «(Пенделерим) эмнени