"Проблемалар" көбөйгөндө, мечитке качып барып, баш калкалаган жагат. Мечиттин атмосферасы ушундай: бир аз гана отурсаң, жүрөгүңдү нур аралагандай эс ала түшөсүң. А эгер зикир кылсаң, андан бетер жеңилдейсиң.
Бирок, качканың менен маселелер, көйгөйлөр чечилбейт. "Проблеманы" чечүүдөн мурда сен өзүң "проблема" экениңди түшүнүшүң керек. Өзүбүз өзгөрүлмөйүнчө, жашообузду Аллах Таала өзгөртпөйт. Өзгөрүш үчүн өзүбүздөгү 3 ресурсту көзөмөлдөш керек, аны туура багытка буруш керек:
1) акыл-эс (мээ) күндүр-түндүр эмне менен алек?
2) жүрөк, көңүл чынында эмнени каалайт?
3) напсибиз аша чапкан жокпу?
Өзгөрүүнүн сыры, оңой жолдорунун бири намазда экендиги шексиз. Анын сан жеткис пайдаларынын бирин айт