Фильтр
ЖЕТИМДИН ҮНҮ ©
1-бөлүм

"Бүгүн эптеп чыдап таң атырсам, эртеси бир айласын табаармын... Мындан да оор күндөрдү башымдан кечирдим го... Эптеп чыдайын, чыдабаска аргам жок..." деп сыз жерде бүрүшүп жаткан Арман ыйламсырап, коркконунан уктап калганга аракет кылат. Үшүгөнүнөн титиреп улам бир капталына оодарылып: "Ичикиий, тоңуп калдым...Эптеп алаксып, уктап калсам жакшы болот эле... Бирок кара суук жандан өтүп, уктай алчудай эмесмин..."деп былчылдап суу болуп калган жыртык чокоёюн чечип, тоңуп калган колу-бутун ушалап жылытымыш болот. Жепирейген тамдын жалгыз көздүү сынык айнегинен, аркырап шамал уруп турган эле. Шамалдан корголоп тамдын бурчуна отуруп: "Ушул эле жетишпей тургансып, ээн-тала
АТЫЖОК ©

"Жаным ай жаным, жаным кыйналып кетти..." деп Жаңылыш чабалактап онтоп кыйналган сайын, апасынын жүрөгү сыздап:
"Кагылайын берекем, жаның кыйналганын чыдап карап тура албастаймын го... Жүрөгүм тилинип, жанымды коёрго жер таппай турам. Сен минтип кыйналгыча, ордуңа мен эле кыйналсам кана аттиң? Аман-эсен жакшы болуп, сакайып айгып кетсең экен каралдым!" деп жүрөгү сыздаган эне көз-жашына ээ боло албай, буркурап ыйлап жиберет.
--Апа, ыйлабаңызчы апа...-деп алсыз оозун кыбыраткан Жаңылыш ичинен сызып: "Байкуш апамды, жүрөкзаада кылып бүттүм го... Мен үчүн санааркап жүрүп, байкушум эрте эле картайып кетмей болду. Багы жокко дагы жок болуп, деле бир багым ачылбаса кантейин эми аттиң...
КЕЛИН БАЛАНЫН ЫРААЗЫЧЫЛЫГЫ

Гүкүнүн ынак болгон жакын курбусу үйүнө коноко келип калат. Эки курбу амандашып учурашкандан кийин ашканада жайбаракат баарлашып чай ичип отрушуп, Нурай бир нерсени эстеп кеткендей болуп:
--Иий баса Гүкү, Фейсбуктагы бир чыгармачылык тайпада: "АПАМ КАРЫП БАРАТАТ"- деген сынак жүрүп жатыптыр, кардарың бар беле? Сен дагы өзүңдү сындап, сынакка катышып көрбөйсүңбү? - дегенине Гүкү:
--Темасы абдан жакшы экен ээ, бирок... Өмүр бою ата-энеге зар болуп, ата-эненин мээримине муктаж болуп өксүп келген жаным, темадагы сезимдер анча тааныш эмес да...- деп Гүкүнүн ындыны өчө түшүп муңайымдуу жооп берип, үндөбөй отуруп калат. Кайра Нурайды жалт этип бир карап алып:
--"Кайын э
Показать ещё