Кези келсе, сүйүү күлөт жүрөктө.
Саат сайын, ар бир секунд, мүнөттө.
Ал адамды курчап алат, кучактап,
Баалай билип, жүрөгүнө түнөтсө.
Капаланат, сүйүү ыйлайт жүрөктө.
Сүйө албай, кордоп аны жүдөтсө.
Соолуган гүл кайра баштан ачылбайт,
Мейли кылым, мейли жүз жыл, күн өтсө.
Сүйүү деген, жашайт ырда, сүрөттө.
Сезимдердин сересинде, түнөктө.
Сүйүү деген ушунчалык керемет,
Жылдыздарга ороп алып, түн өпсө.
Сүйгүн курдаш тирүүлүктө, барыңда.
Сүйгүн досум, сүйүп жаша, жалында.
Ал сүйүүнү ай жылдыздан издебе,
Айланаңда, жүрөт сенин жаныңда.
Сүйбөй жашоо, тузсуз жеген тамактай.
Бирди сүйгүн, бир канчасын жадатпай.
Сүйгүлө да, барктагыла сүйүүнү,
Өз сүйүүңдү томсортпо, жер каратпай.
Сүйүү менен та