Орон кызым! Хиджаб болсун кийимиң,
Көрүнбөсүн көкүрөк-баш, ийиниң.
Көйнөгүңдүн узундугу далилдейт,
Көптөрүнөн намысыңдын бийигин!
Орон кызым! Намазыңды тургузгун
Оронууда жандырмагы бир сырдын.
Оронушкан Каныкей да Айчүрөк,
Жаңылмырза,Курманжаны кыргыздын!
Орон кызым! Оромолуң жарашсын,
"Оронгон" деп күйөө балдар талашсын.
Ортосунан тандап нике кыялы,
Омиин айтып тойдогулар тарашсын!
Орон кызым! Сен оронсоң оңолот,
Оңолбогон жигиттер да оболоп.
Оңду-солду карай берген каректүү,
Калк арасы зынаакорлор жоголот.
Орон кызым! Жакшы гана сүйлөгүн,
Бул да жолу жакшылыкка үндөөнүн.
Силер кийген кийимиңер себептүү,
Дин таркасын төрт бурчуна дүйнөнүн!
Орон кызым! Бейпил өмүр сүрөсүң,
Опурталдуу д