Фильтр
Алтын той куттуу болсун
Алтындан баалуу болгула
Жылдыздан наарлуу болгула
Кундуздан жакалуу болгула
Күмүштөн такалуу болгула
Өркүндөп өскөн урпагыңар
Үзүлбөс сабагы болсун
Жүрөктүү туулган уулдар
Акылчы жарагы болгула
Ай жүздүү аппак кыздардын
Алтын сом тарагы болгула
Кайда жүрсөңөр жолуңар болсун
Үйүңөргө Кызыр келип консун
Дөөлөтүңөргө дөөлөт кошулуп
Жүдөбөй жүзгө жеткиле
Өмүрдөн армансыз өткүлө
Ак өргөө кут болсун
Көптөн бери күткөн
Эмгектер акталып
Чамгарак бийик болсун.
Керегеси кенен болсун
Угууңар узун болсун
Ушул үйдүн керегеси кең болсун.
Терезе каалгасы тең болсун.
Дөлөттү короо болсун.
Ак өргөөңөр ак жолтой болсун
Жакшылык той көп болсун.
Казаныңар жакшылыктын
Ашка толуп кайнасын
Наристе бешике бөлөнүп
Ырыс кешик бак толсун
Туугандар үйгө толсун.
Жүзүңөр кубанычка толсун.
Бак дөлөт байлык толсун
Уул үйлөп, кыз узатып
Уул кыздын уулун жетелеп
Урматтуу бай байбиче болгула
Бөксөлөр толсун
Жакшылык жандасын.
Ийгилик коштосун.
Канча бут кирсе ошончо кут болсун
Таалайлуу болгула табышкан эки жаш.
Бактылуу болгула баш кошкон эки жаш.
Сүйкүмдүү болгула сүйүүшкөн эки жаш.
Кайрымдуу болгула кармашкан эки жаш.
Аброюлуу болгула антташкан эки жаш.
Коломтоңор өчпөсүн кошулушкан эки жаш.
Аллахымдын назарында бакыттын базарында.
Жерибизде молчулук, элибизде токчулук
Ар бир үйдө ушундай тойчулук болсун.
Ала Тоо башы кар болсун,
Аккан суулар шар болсун.
Кош ак куудай көлдөгү.
Кызгалдактай белдеги
Эл журтуң үлгү тутарлык
Жаштардын асты болгула
Бакыттары баяндуу
Жолдору байсалдуу болсун
Ушул той деп сүйүнүп
Башыбызга бакыт үйүлүп
Жүгүрүп келип отурабыз
Кафенин төрүндө отуруп.
Жакшы азыктарга толтуруп
Канча жылдар канча күндөр күткөн күн.
Бүг
Таласым менин Таласым
Тамаша айтып саласың.
Бар болсун эли Таластын
Намыскөй келет баласы
Өпкөсү жок деп ойлоп аласың
Мактанган жактан каласың
Баатыры болот эр кулун
Фасоль айдайт элдин атасы
Жада калса короодогу малдары
Коштоп сөгүп салат баарысы
Таскасы журтан бөлүнгөн
Таарынса Манас көрүнгөн
Таластай жер жок дүйнөдө
Таштары дагы сөгүнгөн
Майда кадам таштап басып
Майдаланган ташты санап
Музыкалык үндөн салып
Муңдуу ырдан кылыктанып
Союз тарап 15 республикасынын ар бир өлкөнүн жоюлганы, таралышы көпчүлүк жөнөкөй элге оңой жашоо алып келген жок.
Өзүнчө өлкө болгону бир жагынан Эгемендүүлүк менен элди кубандырып бир жагынан кыйын жашоо башталгандай.
Колхоз совхоз мал чарбалар тонолуп жок боло баштаган заманда. Элдин көз карашы өзгөрүлүп башка жаңы турмуш барактары ачылгандай.
Кыргыз элинин Аял заты үй бүлөөлүк жүктүү моюндарына жүктөп ар тарапка жөнөп башташты. Базарга чыккандар базарлап, тентигендер тентип калааган жактарынаа кете башташты. Ошол эл аял затынын арасында Мунара эжеке алыскы жолго сапарлап Иркутск шаарына келип, базарга чыгып алма сатып баштайт. Полиция келе жатса жашына калып тирилик башталат. Өмүрүндө
70000001884013
Добавлено видео
01:18
VID_20250405_104341.mp4
53 просмотра
  • Класс
Саламатсыздарбы урматтуу Айымдар 🥰 Арбаңыздар мээримдүү эже сиңдилер . 3-апрель күнү өткөн Студенттердин Нооруз майрамы боюнча. Ала Тоону аралап аркалап, бири бирибизди колдоп жүргөнүбүз Коомчулукта колдо биз бир элбиз. Өйдөдө өбөк ылдыйда жөлөк боло турган таякбыз .Жаштардын демилгеси менен биргеликте Эльнура Акылбековна айым азамат. Качан болбосун өзүнүн идеясы менен өзгөчөлөнөт.Иркутский шаарында окуп жаткан студенттерди колдо болду. Биз биргеликте ынтымакта ийгиликтүү жемиштүү кылганга аракет жазадык.Чукул болсо да Дасторкон жайылып. Боз үйдүн ичине кирип эч кимиси чыкылары келбей жаты.Бири бирибизди колдоп турган өзүбүз үчүн. Бирөөнүн көңүлүн алган өзгөчө ырахат . Айрыкча жаш муундарды
Показать ещё