Форматы жана мазмуну боюнча уникалдуу “Акча” долбоору соңуна чыгып баратат. Ал SECO атынан Швейцария Өкмөтү каржылаган Борбор Азиядагы Каржылык Инклюзивдүүлүк боюнча Борбор - Азиялык Долбоордун (IFC) алкагында иштелип чыккан. «Акча» командасы зериктирме үгүт-насаатка умтулган жок, толугу менен кыргыз тилиндеги "көңүлүн көтөргөнчө окут" деген стратегияны тандады. Еdutainment форматы 2020-жылы өткөрүлгөн “Социалдык нормалар” изилдөөсүнүн жыйынтыгы менен тандалып алынды. Анда элдин каржылык көз карандысыздыкка жетишине терс таасирин тийгизген тоскоолдуктар аныкталган эле. Көрсө, көпчүлүк акчага карата мамилесин өзгөртүүгө даяр экен, бирок “жалгыз мен ушундай пикирдемин” деген ой менен той-аш