Фильтр
Дүйнөдөгү атактуу мусулман футболчу, “Ливерпуль” футбол клубунун чабуулчусу Мухаммед Салах карьерасында 3-ирет “Алтын бутса” сыйлыгын жеңип алды.

🏆 Быйыл Европа чемпионатынын эң мыкты футболчуларына бериле турган "Алтын бутса" сыйлыгына египеттик Мухаммад Салах жана «Тоттенхэм Хотспурдун» кореялык жарым чабуулчусу Сон Хын Мин ээ болушту. Бул эки оюнчунун эсебинде 23 гол бар.

⚽ Ошондой эле Салах Футбол журналисттеринин ассоциациясы тарабынан “Жылдын мыкты футболчусу” деп табылды.

29 жаштагы Мухаммед Салах 2017-жылы “Ливерпуль” клубуна “Ромадан” келген эле. Чабуулчу Премьер-лиганын 180 оюнунда 118 гол киргизген.

📙 Мухаммед Салах көптөгөн кайрымдуулук иштери аркылуу белгилүү. Турмуштун
Түркияда түрк ашканасынын жумалыгы өтүп жатат. Түрк ашканасынын оригиналдуулугун, ден соолукка пайдасын жана калдыксыз экендигин таанытууну көздөгөн гастрономиялык жумалык 21-майда башталган. Иш-чара 27-майга чейин уланмакчы.

👨‍🍳 Жумалыкта дүйнөнүн булуң-бурчунан келген конокторго түркиялык тажрыйбалуу ашпозчулар өз колдору менен жасаган тамактарынан даам сыздырышат. Ошондой эле алар тамак жасоо ыкмалары, алардын ден соолукка пайдасы тууралуу кеңири айтып беришет. Иш-чара үчүн атайын менюлар түзүлгөн. Кылымдык тарыхы бар, маданий мурасты чагылдырган тамак-аштар даярдалып, ири ресторондарда конокторго тартууланат.

Анатолий тарыхынан бери түптөлүп, салттуу рецепттери менен белгилүү түр
Улуу Британиядагы Дерби орто мектебинин директору мусулман окуучулар үчүн намаз окуй турган жер жок экендигин байкаган. Мындан кийин мектеп жай намаздарды сатып алган жана намаз окуу үчүн атайын жай бөлүп берген.

📗 “Ар бир маданиятты билүү маанилүү, ошондуктан жай намаздарды сатып алдык. Биздин мектеп инклюзивдүү. Мектептер – балдар ишенимин ачык көрсөтө ала турган коопсуз жер болуш керек”, - дейт бул окуу жайдын окутуучусу Мишель Стронг.

Жай намаздарга ээ болгон мусулман окуучулар кубанычтарын жашыра албай, ыраазычылыктарын билдишти. Рухан Ризван 8-класстын окуучусу. Ал - күнүгө түшкү намазды мектепте окуган окуучулардын бири.

✔️ “Биздин мектептин мусулмандарга көңүл буруусун абдан баа
Өткөн жылы качкындардын жана жер которгон адамдардын саны 59,1 миллионго жетти. Атайын изилдөө Норвегиянын качкындар кеңеши жана Ички жер которууга көзөмөл жургүзүү борбору тарабынан өткөрүлгөн.

Маалыматта кээ бир адамдар бир нече ирет жер которууга аргасыз болгондугу жазылат. Чыр-чатактан улам жашаган жерин алмаштыргандардын саны 2020-жылга караганда 50%га өскөн.

📙 Быйылкы жыйынтык тынчсыздандырат. “Эч качан мындай болгон эмес. Дүйнө кыйрап жатат. Качкындар боюнча абал өтө начар”, - дейт изилдөөнү жүргүзгөн Норвегиянын качкындар кеңешинин жетекчиси Ян Эгеланд.

Украиндагы кырдаалга байланыштуу 8 млн адам ички миграцияга туш болсо, 5 млнго жакын киши чет өлкөгө чыгып кетишкен.

Жер к
“Хадижа” окуу борбору айымдарды 21-22-май күндөрү орус жана кыргыз тилдеринде өтүлчү кезектеги лекцияларына чакырат.

1) Ишемби күнкү лекция “Воспитание детей в Исламе” деген темада орус тилинде өтөт.

✔️ Лекция спикери – Досалиева Кайыргуль

Кирүү: акысыз
Күнү: 21-май
Убактысы: 10:00-12:00
Дареги: Имам Сарахси атындагы борбордук мечит (Жибек-Жолу, 264)

2) Жекшемби күндөгү лекция кыргыз тилинде “Айыз жөнүндө сурашса...” деген теманын алкагында болмокчу.

✔️ Лекция спикери – Абдураимова Саида

Кирүү: акысыз
Күнү: 22-май
Убактысы: 10:00-12:00
Дареги: Имам Сарахси атындагы борбордук мечит (Жибек-Жолу, 264)

Алдыда боло турчу иш-чаралар, лекциялар жөнүндө кеңири маалыматты биздин баракчадан
Ыйык Куранды толугу мен 4,5 айда колго жазып бүткөн студент кыз сыйланды. Хажар Абдул Рауф Абдул Халим Египеттеги Аль-Азхар университетинин студенти.

📗 Хажар – Куранды каллиграфия менен жазып чыккан биринчи кыз. Ал Куранды толук жаттап бүткөндөн кийин, аны колго жазууну максат кылган.

Кыз атасынын колдоосу менен 4,5 ай ичинде Осмон шрифти аркылуу Куранды жазып чыгууга жетишкен.

✍️ Хажардын айтымында, бул өзгөчө ишти бүтүрүү менен ал Жаратканга жакындоону жана коомдогу кыздарга үлгү көрсөтүүнү ниет кылган.

Хажар бул эмгегин Аль-Азхар Ислам изилдөө академиясы уруксат берген соң жарыяламакчы.
Пакистандык видеоблогер жана байкер Абрар Хассан Сауд Арабиясына мотоцикл менен кичи ажылык кылууну кыялынчу. Ал буга чейин 80ден ашуун өлкөдө болуп, алардын 12син мотоцикл менен кыдырган.

9-февралда Хассан Пенжаб провинциясынан жолго чыгып, 3 континентти кесип өткөн саякатын баштаган.

“Мен Сауд Арабиясына мотоцикл менен барууну ар дайым кыялданчумун. Быйыл муну ишке ашырдым. Сөз менен жеткире албаган сезимдер болду. Мага бул саякат абдан жакты”, - дейт саякатчы.

Ошондой эле Хассан Рамазан башталганга чейин Мединага келип, ал жерде орозо кармоо бакыт экендигин айтты.

“Азырынча мен Эр-Риядда, Мединада, Меккеде болдум. Жакынкы күндөру Сауд Арабиясынын шаарларына саякатымды баштайм” , -
Жыл сайын 15-майда палестиналыктар Накба күнүн (араб. يوم النكبة‎ - "ааламат күнү") белгилешет.

Накба күнү Израиль Палестинанын тарыхый жерлеринде өз көз карандысыздыгын жарыялаган күндөн бери белгиленип келет. Палестиналыктар үчүн бул күн азыркы кезге чейин созулган балээлердин башталышы болгон.

Кечээ миңдеген мусулмандар Накба күнүн белгилөө үчүн чогулушту. 1948-жылы Израилдин түзүлүшунө алып келген бул согушту палестиналыктар “ааламат” деп аташат. 750 миңден ашуун палестиналыктар үй-жайынан куулган.

Мындан 74 жыл мурунку согушта жана андан кийин жүз миңдеген палестиналыктар үй-жайынан күч менен көчүрүлгөн. 1,9 миллион калктын 750 миңи “израилдик” иммигранттарга жай бошотуп берүү үч
Пайгамбарыбыз ﷺ: «Дуба - момундун куралы, диндин түркүгү жана асман менен жердин нуру», - деген.

📌 Бул макалабызда дуба кылуунун адептерин сунуштайбыз. Маалыматты жакындарыңыз менен бөлүшүүнү унутпаңыз.

1️⃣ Жакшы, кененчилик абалда да дубаны көп кылуу

Пайгамбарыбыз ﷺ айтат: «Кимде-ким кыйынчылык жана кыжалатчылык учурда Аллах анын дубасын кабыл кылуусун кааласа, жеңилчиликте дубаны көп кылсын” (Тирмизи)

2️⃣ Дүйнө жана акыреттин бардык нерселерин Аллах Тааладан гана суроо

Пайгамбарыбыз ﷺ айтты: “Албетте, ким Аллахтан сурабаса, Аллах андан нааразы болот” (Тирмизи).

3️⃣ Дубанын кабыл болуусуна толук ишенүү

Пайгамбарыбыз ﷺ айтты: “Аллах Таалага дубанын кабыл болуусуна ишенип, дуба кылгы
Показать ещё