СЫНГАН КЫЛЫЧ
48-БӨЛҮМ
О, кайраным ай, — деп жиберди Бекназар, — неге кечирим сурашабыз?! Сендей
азаматтын артынан ээрчиген күнүмө, бирге жүрүп кан төккөнүмө, жер өрттөгөнүмө
кейибейм, өкүнбөйм эки дүйнө! «Эл» деп, «журт» деп күйүктүк ко, өзү күбө көкө
Теңир?! О, жол башчым, кош миз албарс кылычым... мына менин не байкап, не
байкабай эрдемсиген түрүм болсо, буйругуңу эки айттырган күнүм болсо, мына ошону
сен кечир...
Төшкө төш тийгизишип оңду-солду, «кош», «кош» кылышты.
Эми айтар сөзү не?! Исхак буулуп, кош балдакка сүйөнүп, шалдырап туруп калды.
Кайран жигит! Эч качан каңырыгы түтөп көрбөгөн катуу баш баатыр Бекназар минтип
эки канаты тең сынган шумкар сыяктуу карып болуп мөгдөн т