Эки кабат имаратты эптей алышпай…
Февраль 9, 2018 admin2
Адатта “Кыргыз Туусу” гезитинин редакциясына, кайсы бир көйгөйлүү маселе боюнча түртпөгөн эшиги, кирбеген тешиги калбаган карапайым адамдар, акыркы үмүтү менен келишет. Алардын арыз-армандарын угуп отурсаң жергиликтүү бийлик жеринде эле чечип кое турган катардагы чарбалык маселе экендигин көрөсүң.
Ижара акысын алышат, бирок оңдоп-түзөөгө каражат табылбайт
Кыштын кыраан чилдесинде алыскы Тогуз-Тородон ат арытып келген, кесиби фотограф Жайлообек Токтосуновдун арманын угуп отурсак, райондогу бир катар майыптар, ишкерлер ижарага алып иштетип жаткан “Тиричилик” комбинатынын имараты жергиликтүү бийлик тарабынан каралбагандыктан, чатырынан