Фильтр
Р. Абдыкадыров атындагы Ош облустук филармониясынын төкмө акындары — Төрөбай Арзыбаев жана Шамырбек Тургунбаев Ош шаарындагы №16 кесиптик лицейдин «Жаштык» жатаканасында студенттер менен жолугушуу кече-концертин өткөрүштү.
Иш-чаранын жүрүшүндө акындар өздөрүнүн таасирдүү төкмө ырларын, патриоттук жана тарбиялык мааниге ээ чыгармаларын аткарып, студенттер менен жандуу баарлашуу өткөрүштү
“WorldSkills Kyrgyzstan” жумушчу кесиптер чемпионаты
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 4-майындагы №200 токтому менен бекитилген 2021–2040-жылдарга карата билим берүүнү өнүктүрүү программасын жана Билим берүү жана илим министрлигинин 2025-жылга карата иш-аракеттер планын, ошондой эле “Алтын казык” билим берүү системасын трансформациялоо программасын аткаруу максатында “WorldSkills Kyrgyzstan” жумушчу кесиптер боюнча экинчи чемпионат уюштурулду. Чемпионаттын негизги максаты — жаштар арасында жумушчу кесиптерди жайылтуу, алардын кадыр-баркын жогорулатуу жана кадрларды даярдоонун сапатын арттыруу.
2024-жылдын 19–22-ноябрында Ош шаарындагы №16 Кесиптик лицейде “Тикмечи (Портной)” жана
Ош шаарындагы №16
Кесиптик лицейинин 2-курсунун «Электр-газ
менен ширетүүчү» кесибинин окуучулары өндүрүштүк окуу сабагынын
жүрүшүндө чоң эмгек жасашты. Алар үч окуу канаасына арналып 30 даана окуучулар үчүн блок жана 5 даана
мугалим үчүн стол даярдашып, окуу жайдын материалдык базасын чыңдоого
өз салымдарын кошушту. Бул жетишкендик жетекчиликти кубандырды.
  • Класс
2025-жылдын 20-сентябрында өткөн Жалпы республикалык ишембиликтин алкагында Ош шаарындагы №16 кесиптик лицейдин окуучулары жана кызматкерлери ишембиликке катышышты. Иш-чара учурунда лицейдин аймагындагы таштандылар тазаланып, айлана-чөйрө иретке келтирилди.
Ош шаарындагы №16 кесиптик лицейинде диплом тапшыруу аземи өттү
Ош шаарындагы №16 кесиптик лицейинде 2024–2025-окуу жылын аяктаган бүтүрүүчүлөргө арналган диплом тапшыруу аземи салтанаттуу түрдө болуп өттү.
Иш-чараны лицейдин директору Абжалиева Нематхон Токобековна ачып, бүтүрүүчүлөргө жүрөк толкуткан каалоо-тилектерин билдирди. Өз сөзүндө ал мындай деди:
– «Бүгүн сиздер жашооңуздарда жаңы баракты ачып, чоң жолго кадам таштап жатасыздар. Лицейде алган билим жана дипломдор сиздерге дайыма жакшылыктарды алып келип, ийгиликтерге жол ачсын. Ар дайым алдыңкы сапта жүрүп, өз кесибиңиздердин мыкты адиси болуңуздар».
Салтанаттын жүрүшүндө бүтүрүүчүлөргө кесиптик дипломдор тапшырылып, аларга ак жол
Показать ещё