«ЫЙМАН ШООЛАСЫ»:
ЖЕТИНИН БИРИСИҢБИ?
Имам Бухарий (1423) жана Муслим (1031) риваяттаган хадисте Пайгамбарыбыз алайхис салам жети түрдүү пенде жөнүндө кеп козгойт. Ал сөздө кыямат күнү катуу кезең болуп, улуу Жараткандын мээрим көлөкөсүнөн башка эч бир нерсе пайдасыз болуп, жан аттуунун баары акактап турган учур келээр да, ал учурда жети тайпа пенде Жаратканыбыздын мээрим көлөкөсүнө корголоп, жаны жай алып, бейиши болоор да, улук Кудайдын ыраазылыгына жетээр деп айтылат. Анда эмесе кеп оролу алар жөнүндө болсун:
Адилеттүү башкаруучу. Карамагындагы калайыкка акыйкат нурун тегиз чачып, нафси-балээге моюн сунбаган, кадырман журт атасы.
Пайгамбарыбыз алайхис салам: «Кол астындагыларга, үй-бүлөс