ЖЕГЕНИН, ИЧКЕНИН, КИЙГЕНИН АРАМ БОЛСО, АНАН ДУАЛАРЫҢ КАНТИП КАБЫЛ БОЛСУН?!
Куран-Сүннөттө дуа кылуунун адептери, шарттары жана дуанын кабыл болушуна тоскоолдук кылган иш-аракеттер туурасында көп далилдер келген.
Алланын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, өзүнүн хадисинде мындай деп айтты:
«Чындыгында, Алла Таала – Аруу жана Ал жакшыдан (адалдан) башканы кабыл кылбайт. Ошондой эле Алла Таала Элчилерге буйруганын муъминдерге да буйруду. Алла Таала (Куранда) айтты: «Эй, Элчилер! (Адал) нерселерден жегиле жана жакшы иштерди кылгыла». Жана айтты: «Эй, ыйман келтиргендер! Биз силерге ырыскы кылган (адал) нерселерден жегиле».
Андан соң бир адам тууралуу айтты – ал адам узак жол жүрүп, чачтары