Ак сутун берген энебиз,
Өсүп келет денебиз.
Бут калчылдап баса албай,
Каз-каз деген эмнебиз?
Басууга бала талпынып,
Күндөн күнгө артылып.
Бутун шилтеп басууга,
Энесине асылып.
Кагылайын каз тургун,
Дени соо бат туруң.
Шилтеди бутун эки-үч,
Басканда кирет бутка күч.
Балага боору эзилет,
Тушоо тою берилет.
Ала жип бутка байланды,
Ат, кунан дагы айдалды.
Биринчи маара жакындап,
Экинчиси такымдап.
Тең келатат баарысы,
Бут куйрукка шакылдап.
Биринчини карасаң,
Таманы куйрукка тиет жаркылдап.
Тушоо кесер шамшаарды,
Камдап турган атасы.
Тушоосун кести баланын,
Арты жетип бүтө элек,
Арыштап келет жөтөлөт.
Аталары жүгүрүп,
Балдарын сүрөп көтөрөт,
Байгелерин алышты,
Жай-ж