КЕЛЕ ЖАТАТ УЛУУ КӨЧ
Байлык, бийлик, мансапка умтулбаган
Бакыт – Дөөлөт жылоолоп жылтылдаган
Таштак жолдо таманы жыртылбаган
Келе жатат Улуу Көч кылкылдаган!
Ойлонгула,кыргыздар, ойлонгула!
Урпактары Манастын – ойгонгула!
Аруу дүйнө, аппак таң– бет алдымда!
Манас Ата, Кан Бакай– Көч алдында!
Көргөндөрүм – түш эмес, чындык болсо –
Көкжалдарым, Кырк Чоро, өт алдыга!
Ойлонгула,кыргыздар, ойлонгула!
Урпактары Манастын – ойгонгула!
Көк менен Жер көшүлүп о, ушул саам
Көк Асаба кылкылдап– көнөктөйт жаан!
Колдогону – Көк Теңир –кыргыз элин
Келе жаткан Улуу Көч – Улуу Жышаан!
Ойлонгула,кыргыздар, ойлонгула!
Урпактары Манастын – ойгонгула!
Беримкул Алыбаев