ВАРИКОЗ ДЕГЕН ЭМНЕ?
Убакыттын өтүшү менен варикоз кеңири жайылып, улам жашарып баратат.
Варикоз деген эмне?
"Варикоз" - грек тилинен которгондо "кеңейүү" деген түшүнүктү берет. Демек, бул - веналык кан тамырлардын кеңейип кетиши. Теория боюнча, варикоз дененин ар кайсы бөлүгүндө пайда боло алат. Бирок көп учурда ал буттан кармайт. Анткени, вена организмде иштетилип бүткөн кан жүрүүчү кан тамыр болуп эсептелет да, оорчулук түшкөндө иштетилип бүткөн кан жогору көтөрүлө албай, анын жарымы кайра артка кетип, мунун эсебинен буттун кан тамыры кеңейип, чоюлуп отуруп варикозго чалдыгат. Анан ийри-буйру абалга туш болгон вена өзүнүн формасын толугу менен жоготот. Варикозго дуушар болгон абалды