Фильтр
  • Класс
  • Класс
Бир аалымдарын бири досунун үйүнө келет.
Ал андан: "Сени мага эмне алып келди?"
Ал: "Менин 400 дирхам карызым бар, ошол муктаждык алып келди" дейт.
Ал үйүнө кирип акчаны санап, сыртка чыгып ага берди. Андан кийин ал көзүнө жаш алып үйүнө кайтты.

Аялы ага:
"Эмнеге ыйлап жатасыз, андай экен акчам жок эле деп койбойсузбу" дейт. (Б.а ал акчадан улам ыйлап жатат деп ойлогон).

Ал мындай деп жооп берет:
"Мен андан кабар албагандыктан, ал келип сураганга мажбур болду" деп ыйладым.

Илгери адамдар аалымдарын ушундай кадырлаган.
Башкаларга мактанаар калкыбыздын каймактары, улутубуздун дөөлөттөрү, рухий байлыгыбыз ушул кишилер. Оору айтып келбейт дегендей эки ажыбыздын тең абалдары оор экен. Алакан жайып баарыбыз дуа кылалы. Жараткан Зат ден-соолук берип аман-эсен арабызга кошсун.
Показать ещё