Фильтр
Закреплено
  • Класс
572128925121
  • Класс
  • Класс
Перейдите по ссылке, чтобы присоединиться к моей группе в WhatsApp: https://chat.whatsapp.com/KuqnraVs0g278dRRUMNpGQ
Бул жалгандан мезгилсиз өткөн боордош, туулган жердеш, Кыргыздын алгыр куштарынын миңден бири Уланбек Эгибаев тууганымдын жаркын элесине арналат!!!
"Бир боорум"
Чындык үчүн кылып дайым далалат,
Сендей уулдар "баатыр" болуп саналат.
Тирүүсүндө көйгөйүңдү укпастан,
Эми минтип өлгөндөн соң бааланат.

Тууган-урук, атаң үчүн ааламат,
Кочкор эли таламыңды талашат.
Аты өчкүр коррупцияны жеңем деп,
Аттандыңбы келбес жайга сабалап.

Кайгы салдың! Кыргыз элин жалпыга,
Кайрат бербейт көңүлдүү сөз калкыма.
Көрүстөндө ачкан элдин көйгөйүн,
Кыргыз үчүн ал өзүнчө санжыра...

Байрагы жок асылгандай канжыга,
Бабам Манас урааны элең алдыга.
"Эс алууга убакыт жок"- деп жүрүп,
Эс алаарда кеттиң боорум жан чыга.
"Аманатым"
Аллахым жазган өзүң аманатым,
Атымдын чыгарбаарым, жаманатын.
Өзүнчө өлкө болуу тилектерде,
Өмүрлүк жарым анан каганатым.

Жөнөкөй! үлбүрөк жан! Көпөлөгүм!
Жөтөлсөң сени менен жөтөлөмүн.
Башыбыз кыйынчылык көп өткөрөөр,
Баардыгын тырышамын, көтөрөмүн.

Канча ирет топ жылдыздар жаналбасын,
Кайра эле түн кайтып таң агарбасын.
Ааламда канча чүрөк болсо дагы,
Алмашпас, издесем да табалбасым.

Толтураар келечектин бөксөө жерин,
Томсортуп коё көрбө көпкө чейин.
Толгонуп сени менен ой бөлүшөм,
Тоо гүлүм! Жоогазыным! көксөөм менин.
Сапарбеков Азамат Өмүрбекович.P.S.
  • Класс
  • Класс
Показать ещё