🔵 *КЫЯМАТ КҮНҮ АЛЛАХТЫН АРШЫНЫН КӨЛӨКӨСҮНДӨ БОЛО ТУРГАН ЖЕТИ АДАМ*
Абу Хурайра, радыяллаху анху, риваят кылган хадисте Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, айтты: *«Эч бир көлөкө болбогон (Кыямат) күнү Аллах жети түрдүү адамды (Арштын) көлөкөсүндө кылат:*
*1. Адилеттүү башчы.*
*2. Аллахтын ибадатында чоңойгон жаш жигит.*
*3. Жүрөгү мечитке байланган адам.*
*4. Аллах үчүн бири-бирин жакшы көрүп чогулса да, ажыраса да Ал үчүн кылган эки адам.*
*5. Мансаптуу сулуу аял зынага чакырганда "Чындыгында мен Аллахтан корком" - деп айткан адам.*
*6. Оң колу берген садаканы сол колу көрбөгөн адам.*
*7. Жалгыз калып Аллахты эстегенде көзүнө жаш алган адам”.* (Бухари, Муслим)