Саймалуу таш Фергана тоо кыркаларынын эң бийик чокуларында биздин заманга чейинки эки миңинчи жана бир миңинчи жылдар аралыгында аскадагы таштарга чегилген сүрөттөр, чиймелер, жазуулар. Болжолу 10 гектардай аянтта мында сызуу-чийүүлөр ачык асман алдында жатат. Жетүүгө абдан кыйын, тоо башында болгондуктан бул жерди Кыргызстандыктардын да көбү көргөн эмес.
Таш бетинде жаа тартып аткан, ат минип бараткан жана ар кандай белгилерди түшүндүргөн адам сөлөкөттөрү, жаныбарлар: аттар, тоо аркар, эчки-теке, бугу, төө, илбирс, карышкыр, каман, ит, жылан жана башка нерселер түшүрүлгөн. Көбү символдор. Кээ бир таштар бөлүнүп калган.