Апендиден бирѳѳ сураптыр:
-Ай жаңырганда эски ай кайда кетет?-деп.
-Оо макоо! Ошого да башың жетпейби? -дептир Апенди анда. –Эски айды туурап-туурап туруп, жылдыз кылып чачып ийишиет.
-Эмне үчүн Ысык-Кѳл туздуу?-деп, Апендиден сурашса, Апенди айткан тура: -Туз сээп турбаса, балыктар сасып кетет да,-деп.
Апендини шакабаламакчы болуп, бир теңтушу мындай дептир: -Апенди, кудай уруп, чычкан жутуп ийдим. Кантсем кутулам?
-Артынан тирүү мышык жутуп жибер,-деген экен Апенди анда.