
БИЗ ӨЛДҮ-Ү-Ү-К!!!
Бисмилляхир Рохманир Рохийм!
Урматтуу туугандар, чындыгында менин бул кайрылуум балким кайсыдыр «светтик» же «заманбап» ээн башка өөн учурайт. Кыжырын да келтириши ыктымал. Мен, акыркы учурда ансыз да көп нерсе тууралуу өзүмдү араң кармап, үнүмдү чыгарбай келем.
Бирок бул жорукка унчукпай коюуга алым жетпеди.
Мындан бир канча убакыт мурда «Супер инфо» гезити сулуулар конкурсун жарыялаптыр. Балким буга чейин деле ушундай мекемелерди уюштуруп келишкендир, мен болгону ушунусун көрүп калдым. Жана турган турпатым, дене мүчөм зырылдап кирди. Кыргыздын жылдыздай болгон, өңү чырайлуу жыйырмадай кызы жылаңачтанып сүрөткө түшүп, анан элдин назарына, добуш берүүгө коюлуптур.
Чынында балким кайсыдыр катмарга бул көнүмүш болуп калгандыр, бирок мен, жашы элүүдөн өтүп бараткан ата буга тулку боюм зыркырап чыдай албадым.
Бул кыздардын ата-энелери барбы?
Ал ата-энелер кыздарынын бул кылыктарын билишеби?
Ал кыздардын аталары ушул сүрөттөрдү көрүшөбү?
Кызынын жылаңач сүрөтүн көргөн ата кандай абалда болду экен?
Эгер бул кыздардын кой дээр ата-энеси жок, тоголок жетимдер болсо, алардын тууган-уруктары барбы?
Эгер бул кыздардын тууган-уругу да жок болсо, балким тааныгандары, мугалимдери, кошуналары бар бекен жана алар бул кыздарга бул жоруктарынын жосунсуз, биздин элдин намысын кордогон кылык экенин түшүндүрүп бере алышат бекен?
Эгер бул биздин жылдыздай болгон кыздарыбызга сөзү өткөн, түшүндүрө алган эч кимиси табылбаса, андай журту жок болсо өтүнүч, ушул кыздарды тааныгандар, жок дегенде алардын электрондук же башка байланыш даректерин тапканга жардам бериңиздерчи, мен өзүм айтып көрөйүн. Аларга: «Айланайын, кыргыздын келечектеги энелери! Али төрөлө элек кыргыздын баатырларынын абийирин азыртан төгүп, намысын эмитен тебелебегилечи. Сиздер мекенсиздер, келечек насил сиздерден көз каранды жана сиздер бул жоопкерчиликти Каныкей, Айчүрөк, Курманжан датка энелерибиздей татыктуу көтөрүңүздөр. Бизге окшогон аталарыңарды Кудай алдында, башка элдер алдында жер каратпаңызар. Эл десе элге окшобогон элдердин кыздары деле элинин намысын ойлойт экен. Силер кадырлуу, тарыхта зоболосу менен доор титиреткен элдин урпагысыңар го» - деп жалынайын, суранайын.
Анан алар менин да сөзүмдү укпаса, анда калбында кыпындай болсо да намысы бар энелер, эжелер, карындаштар инилер, агалар, аталар сиздер айтыңыздар!
Суранам, бул кыздарыбыз али эч нерсени түшүнбөгөн, жалтырак-жултуракка алданып бараткан бөбөктөрүбүз го. Алардын эл катарынан татыктуу ордун табууга жардам берели.
Анан да «Супер-инфо» гезитинин ээсине, жетекчилигине насыйкаты менен сөзү өткөн аксакалдар, эл жакшылары болсо, алардын арына тийбей, жакшы сөз менен, биз кайсы кылымда жашабайлы, түптүү эл экенибизди, наркыбызды, кылым карыткан баалуулуктарыбызды түшүндүрүп, ушул жоруктан кайтарып койсо.
Антпесек, аталар биз өлдүк! Кудай алдында кантип жооп беребиз? Келечек насил алдында канттик?
Мен Максат ажы Токтомушевден, Чубак ажыкемдем, Өзүкемден, Русландан, Уландан, Мирландан, Максаттан жана баардык аталардан, эркектерден, уулдардан, энелерден, эжелерден жана карындаш-кыздардан колдоо күтөм.
Аймакчы, "Кайран элим кайда баратасың?" деп кайгыргандарга бул сүрөттөр жооп берээр.
Мыктыбек Арстанбек.

Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 89