Эске салып өмүр өтүп жатканын,
Бирин-серин ак түшкөнсүйт чачтарым,
Мен өзгөрдүм, жашоо мени өзгөрттү,
Азыр жаным мурдагыдан башкамын.
Мен өзгөрдүм, сүйүп жүрүп талыктым,
А сен болсо эч өзгөрбөй калыпсың.
Мен сен үчүн катардагы бир адам,
А сен мага ай асмандан жарыксың.
Мен өзгөрдүм, ар бир ишке кылдатмын,
А сен болсо өзгөрбөпсүң, жылбапсың.
Мен сен үчүн катардагы бир адам,
А сен мага бүт ааламдан кымбатсың.
Мен өзгөрдүм, азыр ылдам күлүкмүн,
А сен болсо мурдагыдай жүрүпсүң.
Мен сен үчүн катардагы бир адам,
А сен мага көлдөй таза тунуксуң.