Алтынбек Сулайманов жарандык милдетин аткарып, Бишкек шаарында добуш берди. Айтымында, бул шайлоо мурдагылардан конкретүү талапкерге добуш берүү мүмкүнчүлүгү менен өзгөчө. “Маанайыбыз эң жакшы. Элибиз туура тандоо жасап, парламенттин жүзүн өзгөртө аларына ишенем”, –деди А.Сулайманов.
Чынар Капарова Бишкек шаарында добуш берди. “Шаарда шайлоочулар активдүү келишүүдө. Шайлоо таза өтөт деп ишенем, бирок ар кандай мыйзам бузуулар болуп жатканы да айтылууда. Таза шайлоо маданиятын калыптандырмайынча таза коом жөнүндө айтуу мүмкүн эмес. Туура тандоо гана мамлекетти өнүктүрүүгө жол ачат. Шайлоо тынч өтөт деп ишенем”,-деди Чынар Капарова.