
БААЛУУ КЫЗМАТКЕР БОЛУУ ҮЧҮН...
1. Жумушка дайыма өз убагынан эрте келиңиз. Жок дегенде 15 мүнөт эрте. Эгерде ушундай эрежеге көнсөңүз, бир аз кармалып калган учурда да жумушуңузга кечикпейсиз. Анткени, сиздин запасыңызда 15 мүнөт бар. Мындан тышкары, жумушка эрте келүү менен кардарларыңызды бир секундга да күтүүгө мажбур кылбай, аларга жагымдуу маанай тартуулайсыз. Бул да болсо сиздин жумуштагы беделиңизге оң таасирин тийгизет.
2. Жумуш убактысы бүткөндө кеткенге шашпаңыз. Жок дегенде 10 мүнөткө кармала туруңуз. Бул убакытта жумуш ордуңузду эртеңкиге даярдап койсоңуз болот. Столдон ашыкча нерсенин баарын алып салыңыз, чаңдарды сүртүңүз, бош кружкаларды жууп, жайына коюңуз, эртең эрте менен керектей турган буюмдарыңызды даярдап коюңуз. Бул сиздин тыкандыгыңызды билдирет.
3. Иштериңиздин баарын өз убагында аткарыңыз. Жакшы кызматкер столунун үстүндө документтердин бир нече күн бою кыймылсыз жата беришине жол бербейт. Аткарыш керек болгон жумуштардын баарын аткарып, мүмкүн болушунча кийинки тапшырмага эртерээк өткөнгө аракет кылыңыз.
4. Телефон менен сүйлөшүүгө көп убакыт коротпоңуз. Атүгүл телефон чалган адам жолдошуңуз же балаңыз болсо деле. Чындап эле зарыл болгон темаларды гана телефон аркылуу сүйлөшкөнгө аракет кылыңыз.
5. Жетекчиңиздики туура эмес болсо деле аны менен талашып-тартышпаңыз. Болбой эле өзүңүздүкүн далилдейм деп талашып жеңишке жетишкениңиз менен жетекчиңиз менен болгон мамилеңизди бузуп аласыз. Айрыкча жумушуңуздун аткарылышы, сапаты тууралуу талашып-тартышуу таптакыр туура эмес. Ал сиздин кандай иштеп жатканыңызды жакшы билет, ошон үчүн ал жетекчилик кызматта отурат.
6. Жетекчиңиз менен көбүрөөк кеңешиңиз. Бир гана жумуш тууралуу эмес, мисалы, кандай үлгүдөгү машина алуу тууралуу, кайсы райондон квартира сатып алуу тууралуу да кеңешип турганыңыз ашыкчалык кылбайт.
7. Жумушта дайыма кабагыңызды ачып, өзүңүздү шайыр алып жүрүңүз. Мындай сапатыңыз сиздин жакшы, сүйлөшүүгө жеңил адам экендигиңизден кабар берет. Бирок шайыр десе эле обу жок тамашаларыңыз, маанисиз анекдотторуңуз менен өзүңүздүн да, кесиптештериңиздин да убактысын албай, ошол эле учурда жумушуңузга олуттуу мамиле жасаңыз.
8. Сынды туура кабыл алганды үйрөнүңүз. Жакшы кызматкер - эч качан кемчилик кетирбеген кызматкер эмес, кемчилигин туура кабыл алып, аны оңдой билген кызматкер.
9. Жаңы келген кызматкерлерден, жаш адистерден жардамыңызды аябаңыз. Өзүңүздү алардын ордуна коюп, кайсы бир учурда сизге да жеңил болбогонун эстеңиз

Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев