УЛАНДЫСЫ...
жанында. Жаңы жылдык балатыда агайы Аяз ата, бул Аяз кызы болгон. Ошондогу даярдык көргөн күндөр, үйүнө чейин узаткан кышкы кечтерди ойлогон сайын өзүн дүйнөдөгү эң бактылуу адам сезет. Балатынын акыркы күнү агайы менен кыналыша бийге түшкөн. Жардана караган классташтардын, мугалимдердин, жадакалса ата эненин сүрү да буларды токтото алган эмес. Агайынын бий толкунуна түшүп ийнеликтей чимирилген. Ошондо делебеси козголгон бийкеч “агай, мен сизди жакшы көрөм...”- деп наздуу шыбыраган. “Гүлүм, мен сенин агайыңмын...” – деген агайы жооп кылып.
Тигине, мектептин короосуна кире беришинен күткөн агайы көрүндү. Жалгыз эмес. Колуна кыпкызыл жоогазын көтөргөн бейтааныш бийкеч колтуктап алган. Ким болду экен? Кызганычтан жүрөгү туйлап чыкты. Ичи туз куйгандай ачышты. Сулуу селки колун жаңсай бирдемелерди сүйлөп жатат. Агайы мугалим экенин унутта калтыргандай бирде сулуунун белинен имере тартса, бирде колунан жетелеп кубанычын жашыра албай кудуңдап сүйүнүп алган. Гүлүмдүн жүрөгү дүкүлдөй согуп бейтааныш сулууну жек көрө карады. Жүгүрө жетип “Менин агайыма жолобо!” – деп кыйкыргысы келди. Керек болсо бейтааныш сулуунун чачынан сүйрөп колундагы жоогазындарды жерге ыргытып, тебелеп салгандан да тартпачудай калчылдап чыкты.
Ээх, ошол күн! Гүлүм салтанаттын аягына чыкпай үйүнө жүгүргөн. Жаздык кучактап көпкө ыйлаган. Агайы жанындагы бийкечти кесиптештерине “болочок жубайым” деп тааныштырып жатканын укканда жер астын-үстүн болуп, асман кулап, бүтүндөй бир аалам урап түшкөн.
ХХХ ХХХ ХХХ
– Саламатсызбы, чоң кыз?!
Жумуштан чыгып, жайбаракат үйүнө бет алган Гүлүмдүн маңдайында кечээги жолуккан жигит жылмая карап турган эле. Аны көргөндө түндө түйшөлкөн ойдон кутула албай чала уйку болгон көзүнүн шишиги алигиче тарай элек Гүлүм бир чети кубанса, бир чети өзүнүн жүдөңкү кебетесинен уялып кетти. Эски таанышындай жол тосуп күтүп турганына таң калды.
– Саламатчылык! – деди ички туюмун билдире бербей. – Сиз кайдан?
– Мен... Мен сизди күтүп... – жигит апкаарый жооп узатты.
“Дагы кагып жиберет деп тартынып тургандагысы го?” Гүлүм жигиттин апкаарып турганына өзүнчө баа бере ойлонду.
– Мени неге күтөсүз? Ишиңиз бар беле?
Кайрадан катуу сүйлөп албастын амалы кылып жумшагыраак берген суроосу ушул болду.
Бейтааныш жооп таба албай буйдала түштү.
–Тескерисинче... иш жогунан... сизди күтүп. Жөн гана сүйлөшүп отурсакпы дедим эле.
–Аа-а...
Гүлүм алдыга басты. Артынан баскан жигиттин ар бир кыймылын, жадагалса дем алуусунан бери сезип-туюп жатты. “Тартынчаакпы дейин десем андай эместей. Андай эмес дейин десем, оюн толуктап айта албайт буйдалып. Мени сүйүп тургандай апкаарыганын кара. Жапжаш туруп, эжесиндей мени акмалап жүргөнү эмнеси?! Жашым өткөнчө жалгыздап жүргөнүмдү билген бирөө болсочу? Же эркектен көзү каткан, эптеп бирөөнүн этегине жармашсам деген аялдардын бири катары кабыл алып тургандагысыбы?” Көз ирмемдик убакытта анын оюна эмнелер гана келип кетпеди. Жаш өткөн сайын адам баласы шекчил болуп калат окшобойбу? Бирөө сөз айтып, мамиле түзүүнү каалап турганы билинди дегиче ар кандай ойлор келе берет. Баарынан да аты элге анча-мынча таанылып калгандан бери шекчилдиги көбөйүп кеткен.
– Чоң кыз! Атыңызды билсем болобу?
“Калп эле атымды билмексен болуп тургандагысы окшойт! “Башкага сынды көп айтат. Бирөөлөрдүн тагдырын жазат. Өзүнүкүн бир сынайлы” – деген тааныштардын айтканы менен жүргөн болсочу? Болбосо, эмнеге эле эки күндөн бери айланат?”
Гүлүм жигитти сынай карады.
– Атымды билип эмне кыласыз? Дагы эмнемди билгиңиз келип турат? Балким, туулган айылым, улутум, жашым, ким болуп иштээрим да кызыктыр? А мүмкүн, жашоо шартым менен да таанышаттырсыз?!
Оозу-оозуна тийбей, улам бир суроону берген Гүлүмдү жигит аң-таң кала карап турду да:
– Кечиресиз! Ушунча да албуут болосузбу? Эч кандай жаман оюм жок эле. Саламат болуңуз! – деп шарт бурулуп жөнөй берди. Артынан узата караган Гүлүм оор улуттунуп алды. “Дагы эле баягы. Мындай мүнөзүмдү кантип калтырам? Эмне деген жанмын? Оо Кудай, менчелик ажаан бар бекен бул жашоодо?”

Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 9