Бишкек ысык. Балдар жүдөп кетти. Үй-бүлөмдү жайлоого жөнөтүп, өзүм үйдө калдым. Тамак жасоону мындай кой чай кайнатып иче албайт экенмин. Тилим сайраганы менен колумдан иш келбесин эми билдим. Муздаткычтагы томатты сууга чылап, туздан салып ичип алам. Үйдө тамак жасалбаганынан уламбы чымындар өлө баштады, байкуштар. Китеп окудум, курсак ачында китеп да мээге кирбей койду. Уктай берип башым ооруп чыкты. Менин үйдө калышыма жөжөлөр менен көчөттөр себепкер. Маал-маалы менен азыгын берүү керек. Аларга жем салып жатсам аркаман дүп-эттире бирөө коюп калды. Төрт күндөн бери үйдө менден башка киши жок да. Чоочуп кетип карасам короз мени бир тээп, дагы муштумун түйүп турат. Жерде жаткан таяк менен би